Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:21

Бишкекте карызы бар 5 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт


Электр лампасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Электр лампасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин электр тармактары ишканасы электрге карызы бар 4800 абоненттин жарыгын 29-июндан тартып өчүрө турганын эскертти.

Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланды.

Мекеме февраль-март айларында 7 миңдей колдонуучуга ушундай эскертүү берген. Андагы маалыматтарда кыш күндөрү суук болгондуктан карызы бар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлбөгөнү айтылган.

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте электр энергиясын колдонуучулардын көп бөлүгүнө автоматташтырылган маалымат-эсептөөчү көзөмөл системасынын (Автоматизированная информационно-измерительная система контроля и учета электроэнергии – АИИС КУЭ) эсептегичтери коюлган. Ал жабдуулар карызы бар абоненттердин жарыгын аралыктан өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет.

Мекеме билдиргендей, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. Эгер абоненттер карызын төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет. Абоненттер компаниянын сайты аркылуу өз эсебиндеги карыздын көлөмүн көрүп тура алат.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “MSТС” (Касса-24), “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдарында, “О!”, “MegaPay”, “UMAI”, “Элсом” электрондук капчыктарында, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызстан”, “Халык Банк”, “КICВ Банка”, “Оптима Банк” мекемелеринин, “Кыргызпочтасы” ишканасынын кассаларында да кабыл алынат.

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын жыл башындагы маалыматына ылайык, өлкөдөгү энергокомпаниялардын 1 млн. 524 миңден ашуун абоненти бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд. кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган.

2023-жылы керектөө 17 млрд. кВт/саат болот деп эсептелип жатат. Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан өндүрүү быйыл 15 млрд. кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. Ушул күндөрү суу сактагычта 9,5 млрд. куб метр суу топтолгон, бул былтыркыдан 2,5 млрд. куб метрге аздык кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG