Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

Кыргыз тайганына арналган фестиваль өттү


Токмок шаарында кыргыз тайганына арналган эл аралык "Тайган фест" фестивалы өттү.
Токмок шаарында кыргыз тайганына арналган эл аралык "Тайган фест" фестивалы өттү.

Кечээ, 27-июнда Токмок шаарында кыргыз тайганына арналган эл аралык "Тайган фест" фестивалы өттү. "Кыргыз тайган клубу" уюмунун жетекчиси Болот Мураталиевдин маалыматына караганда, жыл өткөн сайын кыргыз тайганына кызыгуу артып баратат.

Мурда ал тайган сүйүүчүлөр арасында гана колго алынып келсе, 2021-жылы өкмөттүн № 146 токтому чыккандан тартып мамлекеттен аз болсо да колдоо таба баштады.

"Тайган фест" биринчи ирет Токтогулда өткөн, кийинки жылы ал Талас облусунда болмокчу. Кыргыз тайганына Германия, Франция, Польша, Түркия, Улуу Британия, Орусиядан адистер келип, кызыгып, изилдөө жүргүзүп турат.

Кыргыз тайганы - Борбор Азиядагы жергиликтүү иттердин эң байыркы тукуму, ал жытчыл, жойчул, көрөгөч жана күлүк келет. Кыргызстандын аймагында тайгандарды байыртадан эле кармап келген.

Кыргыз тайганы кызыл көздүү, куйругунун учу чагарак, өңү куу, сур, көк жана башка түстөрдө келет. Анын омуртка сөөгү өзгөчө жаралгандыктан оңой бүгүлүп, шамдагай бурула алат. Андыктан аны куйруктуу таз тайган деп да коюшат. Тайгандын көкүрөк төшү кең, курсагы ичине тартылып, шыйрактары узун болуп, жүнү тыбыт болот. Дөбөтүнүн бою 60—70 сантиметр, канчыгы 55—65 см.

Кыргыз тайганы ууга чыкканда аркар, тоо эчки, элик, карышкыр, түлкү, коёнго агытылат. Уламыштарда жолборс, аюуга кол салган учурлары айтылат.

20-кылымда тийиштүү көңүл бөлүнбөгөндүк кыргыз тайганынын тукуму азайып кеткен.

"Салбуурун" этно фестивалынын кулач алышы менен куш салуу, ат оюндары, мүнүшкөрлүк менен катар тайгандардын мелдеши дагы өтө таанымал болуп баратат.

XS
SM
MD
LG