Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Люксембургда тажик блогерлерин куугунтуктоо боюнча маселе козголду


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём. Люксембург, 26-июнь, 2023-жыл. Сүрөт Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан алынды.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём. Люксембург, 26-июнь, 2023-жыл. Сүрөт Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан алынды.

Евробиримдик тажик бийлигин адам укуктарын сактоого жана жарандардын негизги эркиндиктерин камсыздоого чакырды. Мындай талап Тажикстан менен шаркеттин ортосундагы кызматташуу боюнча кеңештин 26-июнда Люксембургда өткөн онунчу жыйынында айтылганы расмий сайтында жазылды.

Евробиримдиктин делегациясы Тажикстандын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөдөгү блогерлер менен журналисттердин куугунтукталышы тууралуу маселени көтөрүштү.

Соңку бир жылда эле Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жети жылдан 21 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын көбүнө "жалган маалымат таратуу, экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуу, тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу" деген кинелер коюлган. Журналисттер өздөрү жана алардын жакындары бул айыптардын бардыгын четке кагышкан.

Тажик делегациясын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухридин баштап барды. Андан тышкары Евробиримдиктин өкүлдөрү Дүйшөмбүнүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жаатындагы ийгиликтери өлкөнүн GSP+ системасына кошулуусунда маанилүү роль ойнорун белгилешкен.

GSP+ өнүгүп бараткан мамлекеттерге өз товарларын Евробиримдиктин базарына жеңилдетилген бажы тарифи аркылуу алып кирүү системасы.

Тажикстан бул системага кошулуу ниетин 2019-жылдын башында билдирген. Бул үчүн Дүйшөмбү 27 эл аралык конвенция, протоколдорду ратификациялашы керек. Ошондой эле бир катар реформаларды өткөрүп, демократияны бекемдеп, адам укуктарын сактап, мыйзам үстөмдүгүн жана сот системасынын көз карандысыздыгын жогору коюшу зарыл.

XS
SM
MD
LG