Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

БУУ: Орус күчтөрү украиналык 77 бейкүнөө тургундун өмүрүн кыйган


Буча шаарынын мэри орус күчтөрү убактылуу басып алган маалда өлтүрүлгөн жергиликтүү тургундардын мүрзөлөрүнө гүл коюп жатат. 12-февраль, 2023-жыл. Украина.
Буча шаарынын мэри орус күчтөрү убактылуу басып алган маалда өлтүрүлгөн жергиликтүү тургундардын мүрзөлөрүнө гүл коюп жатат. 12-февраль, 2023-жыл. Украина.

2022-жылдын 24-февралында Орусия кошуна мамлекетке басып кирип, согуш ачкандан бери 77 украин тургундун өлүмүнө забын болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Украинага көз салган миссиясынын 27-июнда жарык көргөн баяндамасында белгиленет.

Жалпысынан Орусия басып алган аймактардан 864 бейкүнөө тургун кармалган. Алардын дээрлик 90% кыйноого кабылган.

Орус күчтөрү согуш кылмыштарына барганын же жайкын тургундарды куугунтуктаганын ишенимдүү далилдерге карабастан мойнуна алган эмес. Москва эл аралык уюмдун миссиясы менен кызматташуудан баш тарткан.

Баяндама чыккан маалда Украинанын чыгышындагы жана борборундагы сегиз облуста бомба коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилди. Киев көптөн күткөн контрчабуулун баштагандан бери Орусия Украинанын аймагына ракеталык соккуларын күчөттү.

Запорожье облсунун аскердик администрациясынын жетекчиси Юрий Малашко 27-июнда билдиргендей, орус күчтөрүнүн аткылоосунан бир жайкын тургун мерт кетти.

Буга чейин украин армиясы өлкө чыгышында жана түштүгүндө орус күчтөрүнүн позицияларына сокку урганын билдирген.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG