Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Путин "жарандык согушту токтотуп калган армияга ыраазы экенин" айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы Жаштар саясаты боюнча мамлекеттик кеңештин жыйынынан кийинки маалымат жыйында сүйлөп жатат. 22-декабрь, 2022-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы Жаштар саясаты боюнча мамлекеттик кеңештин жыйынынан кийинки маалымат жыйында сүйлөп жатат. 22-декабрь, 2022-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда Кремлде аскерлерге кайрылып, "жарандык согушту токтотуп калдыңар" деп айтты.

"Кыйын учурда так, биримдикте кызматыңарды аткарып, элиңерге, Орусияга жана аскердик антыңарга берилгениңерди далилдедиңер. Мекениңердин тагдыры жана келечеги үчүн жоопкерчиликти өз моюнуңарга алдыңар", - деди Путин.

Андан соң ал окуяда каза тапкан учкучтарга бир мүнөттүк аза күтүү жарыялады.

Путиндин кайрылуусу үч мүнөттөн бир аз ашыгыраак болуп, Орусиянын гимни менен аяктады.

26-июндагы билдирүүсүндө Путин "куралдуу козголоң" маалында учкучтар мерт кеткенин моюнга алган. Бирок алардын аты-жөнүн жана санын тактаган эмес. Ар кандай маалыматтар боюнча 10дой учкуч набыт болду.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "орус кан төгүлүүсүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

26-июндагы алгачкы кайрылуусунда Пригожин "куралдуу козголоңду" орус армиясы Украинага кантип кол салышы керектигин көрсөткөн "мастер-класс" деп атады. Ал Москвага карай жолдогу шаарларды оңой эле басып алуу менен орус армиясындагы кемчиликтерди көрсөткөнүн кошумчалады.

26-июндун кечиндеги кайрылуусунда Путин "вагнерчилерге" орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштаган.

27-майда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конду. Бул тууралуу Беларустагы авиацияга байкоо салган "Беларуски гаюн" тобу билдирди. Пригожиндин Беларуска барган-барбаганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG