Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Орусияда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен тажик активисти кармалды


Жунайдулло Худоёровдун камалганга чейинки жана кийинки сүрөттөрүнөн жасалган коллаж.
Жунайдулло Худоёровдун камалганга чейинки жана кийинки сүрөттөрүнөн жасалган коллаж.

Орусияда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен тажикстандык активист Жунайдулло Худоёров кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу активисттин бир тууганы Фарход Худоёровго таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Жунайдулло Худоёров 22-июнда Ханты-Мансы автоном округундагы Березово айылында кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

"Озоди" радиосунун колуна тийген документке ылайык, Жунайдулло Тажикстандын Рашт райондук ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү менен кармалган. Анда Худоёров мекенинде "бейбаштыкка" шектелип жатканы жазылган.

Худоёров 2017-жылы Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" кыймылы менен байланышта болгон деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган. Эки жылга жакын убакыттан кийин мунапыс менен эркиндикке чыккан. Ал айыптар негизсиз экенин айткан. Абактан чыккандан кийин Орусияга иштегени кеткен.

XS
SM
MD
LG