Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Калашникованын абактагы мөөнөтү узарды 


Елена Калашникова
Елена Калашникова

Коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашниковнын абактагы мөөнөтү узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-июнда анын бөгөт чарасын карап, 22-августка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган. Райондук соттун басма сөз кызматынан 26-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, соттун чечими менен анын орун басары Александр Валитов дагы ушул мөөнөткө чейин камакта болот.

УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда "ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды" деп жазылган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.

Райондук сот Калашникованы 22-июнга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. 2-июнда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын айткан.

2022-жылга Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, учурда анын 257 миллиону коротулган, калган акча ишкананын эсебинде турганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG