Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Атлантика океанында "Титан" кемесин издөө иши уланууда


OceanGate Expeditions компаниясы тараткан сүрөттө "Титан" аппараты сууга түшүрүлүүдө. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.
OceanGate Expeditions компаниясы тараткан сүрөттө "Титан" аппараты сууга түшүрүлүүдө. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Атлантика океанында "Титан" суу алдында сүзүүчү кемесин издөө ишинин уланып жатканына төртүнчү күн болду.

"Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеменин ичинде беш саатка жетчү эле кычкылтектин запасы калды. Жалпы 98 саатка жетчү кычкылтек бар болчу. Аппарат менен байланыш 18-июнда, суу алдына киргенден эки саат өтпөй үзүлгөн. Куткаруу-издөө операциясына АКШ менен Канаданын тийиштүү кызматтары, жеке компаниялар катышууда.

"Титандын" бортунда беш киши, арасында кемеге ээлик кылган OceanGate компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш да бар. Андан тышкары 58 жаштагы британиялык миллиардер Хэмиш Хардинг, 48 жаштагы пакистандык ишкер Шахзада Дауд жана анын уулу Сулейман, 77 жаштагы француз иликтөөчүсү Поль-Анри Наржоле бар.

OceanGate компаниясынын маалыматына караганда, "Титан" 3800 метр тереңдикке түшө алган дүйнөдөгү беш суу алдында сүзүүчү кемелердин бири. Салмагы 10 тоннага жетет.

"Титаниктин" калдыктарына кызыккан туристтерди аталган аппарат 2021-жылы алып түшкөн. Экспедициянын баасы бир кишиге 250 миң долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG