Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Ташкентте цехтеги жарылуудан киши өмүрү кыйылды


Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу. Сүрөт качан жана кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Окуяга иллюстрация катары тиркелди.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу. Сүрөт качан жана кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Окуяга иллюстрация катары тиркелди.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин Чиланзар районундагы цехте жарылуу болуп, өрт тутанды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бир киши набыт кетип, 16сы жаракат алды.

Расмий маалыматка караганда, жез түтүктөрүн чыгарган цехтин жер төлөсүндө газ жарылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү келди.

Министрлик куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Жабыркагандардын баары ар кандай деңгээлдеги жарааттары менен Республикалык тез жардам борборуна жеткирилди.

Алдын ала маалыматка караганда, газдын жарылуусуна иштеги этиятсыздык себеп болгон.

XS
SM
MD
LG