Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Папан суу сактагычы. Ош облусу.
Папан суу сактагычы. Ош облусу.

13-июнга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад , Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° болот.

XS
SM
MD
LG