Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Садыр Жапаров креативдүү индустрия жаатында ЮНЕСКОдон колдоо сурады


Садыр Жапаров менен Одрэ Азуле.
Садыр Жапаров менен Одрэ Азуле.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте 8-июнда ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле менен жолукту. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда климаттын өзгөрүшүнүн кесепетин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

“Жапаров Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, тактап айтканда, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи. Акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатканына токтолду. Бул жаатта ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты. Одрэ Азуле Кыргызстандагы материалдык эмес мурастардын көптүгүн жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин келечек муундар үчүн сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи”,-деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле, ЮНЕСКОнун жетекчиси Кыргызстандагы сапары алкагында мөңгүлөргө баруу мүмкүнчүлүгү үчүн “Жапаровго ыраазчылык билдирип, тоолуу өлкөлөрдүн климатын өзгөртүү маселелеринде кызматташууну кеңейтүүгө” көңүл бурган.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас, Семетей, Сейтек” трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көкбөрү салттуу ат оюну киргизилген.

XS
SM
MD
LG