Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Москва облусунда тажик мигранттары жашаган вагондордо өрт чыкты


Тажикстандык мигрант өрттөнүп жаткан вагондорду карап турат. Москва облусу.
Тажикстандык мигрант өрттөнүп жаткан вагондорду карап турат. Москва облусу.

Москва облусундагы Сергиев Посад шаарында 5-июнь күнү эртең менен тажикстандык мигранттар жашаган төрт вагонду өрт каптады.

Мигранттардын бири видео жөнөтүп, өздөрү жабыркабаганын, бирок жеке буюм-тайымдары, документтери күйүп кеткенин билдирди.

"Дароо эле өрт өчүрүү кызматына чалдык, бирок алар келген жок. Мигранттардын көбүнүн кийим-кечеси, документтери күйүп кетти", - деди "Озоди" радиосуна байланышкандардын бири.

Видеодо алар тилсиз жоо менен күрөшкөнгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Расмий эч кандай маалымат чыккан жок.

Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар катталып жатат. Жергиликтүүлөр аларга каршы арыз жазып, аймак "тажик анклавына" айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтышууда.

Тажикстандыктар мындай даттануулар жана андан кийинки кармоолор – тажик мигранттарына каршы багытталган атайын пландалган өнөктүк экенин билдиришүүдө.

Серепчилер орус бийлиги элди Украинадагы согуштан алаксытуу үчүн дал ушул мигранттарга басымды күчөткөнүн белгилешет.

XS
SM
MD
LG