Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Украин соту "Вагнерге" жалданган казакстандык жаранды тогуз жылга кести


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеңсесинин алдында турган адамдар. 4-ноябрь, 2022-жыл.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеңсесинин алдында турган адамдар. 4-ноябрь, 2022-жыл.

Украинанын соту Казакстандын 23 жаштагы жараны Шынгыс Сейпиевди Орусиянын "Вагнер" менчик аскер компаниясынын катарында согушканы үчүн тогуз жылга эркинен ажыратты.

Украинанын коопсуздук кызматы билдиргендей, Сейпиев Тюменде абакта жаткан жеринен согушка азгырылган. Ал "зордуктоо" беренеси менен он жылга кесилип, эки жыл жазасын өтөгөндөн кийин былтыр октябрда "Вагнерге" жалданган. Ага айына 200 миң рубль, Орусиянын жарандыгын жана соттуулугун жоюуну убада кылышкан. Сейпиев акчаны келишим аяктагандан кийин алмак болгон. Бир аз даярдыктан өткөн соң Сейпиев кошулган жоочулар бөлүгүн Бахмутка жөнөтүшкөн. Бир жума өтпөй аны украин аскерлери туткунга алышкан.

Украинада орус тарапта канча казакстандык согушуп жүргөнү беймаалым. "Азаттыктын" казак кызматы согуш башталганы Казакстандын эки жараны мерт кеткенин жазган.

Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөн. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.

2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.

  • "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

XS
SM
MD
LG