Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартуу үчүн парламентке сунуш берди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 31-майдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуш түшкөнүн билдирди.

Ал мыйзам боюнча көзөмөл органынан сунуш түшкөндөн кийин парламент 48 сааттын ичинде карап, комиссия түзүшү керектигин белгиледи.

Жыйында Адахан Мадумаров кайсы маселе боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сөз болуп жатканын тактоо керектигин айтты.

"Эмне маселе боюнча экен? Депутаттарга жарыялап койсо болобу же жашыруун сыр бекен? Мага да чагылгандай болуп, жаңылык болуп жатат. Эмне маселе боюнча экенин айтып койсоңор. Кыргыз абасынан жутуп жатат деген маселе бар бекен, же суусун ичип коюп жатат дегенби? Же көп сүйлөп жатат дегенби? Себеби эмнеде экен?".

Нурланбек Шакиев баш прокурордун сунушунда “Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин 1-бөлүгүндө (Массалык башаламандыктар), 326-беренесиндеги (Бийликти күч менен басып алуу) кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук суралганын” тактады.

“Экинчиси - Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүңүздөрдү өтүнөм” деп жазылган”. Комиссия түзүлөт. Айыптар туура коюлдубу же туура эмес коюлдубу, ошону тактайт”, - деди төрага.

Мадумаров бул беренелер боюнча үн ката элек.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Парламент кийин Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын аны жоопко тартууга уруксат бербеген чечимин колдогон.

XS
SM
MD
LG