Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:45

Байден Эрдоган менен F-16 учагын алуу, Швециянын НАТОго кирүү маселесин талкуулады


Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган жана АКШнын президенти Жо Байден НАТОнун саммитинде. 29-июнь, 2022-жыл. Мадрид.
Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган жана АКШнын президенти Жо Байден НАТОнун саммитинде. 29-июнь, 2022-жыл. Мадрид.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон менен сүйлөшүү учурунда F-16 аскердик учагын сатып алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден 29-майда жарыялады.

АКШ президенти Эрдоганды Түркияда 28-майда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган. Анын айтымында, Вашингтон Швециянын НАТОго мүчө болушуна Түркия тоскоолдук жаратпашы керек деген көз карашта.

Ондогон жылдардан бери нейтралитет макамын карманып келген Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүү тууралуу арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл.

Түрк бийлиги Швецияга айрым шарттарды койгон. Алардын арасында бир катар күрд уюмдарын террордук бирикме деп жарыялоо, Анкарага курал-жарак сатууну тыйган чечимди жокко чыгаруу, Түркияда терроризм үчүн айыпталып, Швецияда баш калкалап жүргөн айрым күрд жана оппозициялык ишмерлерди өткөрүп берүү деген талаптар бар.

Былтыр жыл соңунда Швециянын Жогорку Соту Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталып жаткан журналистти экстрадициялоо тууралуу Анкаранын өтүнүчүн канааттандырбай койгон. Түрк бийлиги бул чечимге нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG