Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

Төрөбаев Кытайда "Эркечтамдын" ишин жакшыртууну сүйлөштү


"Эркечтам" өткөрмө бекетинин Кытай тараптан көрүнүшү.
"Эркечтам" өткөрмө бекетинин Кытай тараптан көрүнүшү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапарынын алкагында кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтем" өткөрмө бекетине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Кытайдын Бажы кызматынын, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун өкүлдөрү менен бул бекеттин ишин жакшыртуу, чектөөлөрдү жоюу, соода-сатыкта өз ара пайдалуу шарт түзүү маселелерин талкуулады.

"Бакыт Төрөбаев учурда бир катар кыйынчылыктар бар экенин айтып, аларды тез арада чечүү керектигин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар негизинен “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекетине көпүрө куруу жана жолду төрт тилкеге кеңейтүү маселесин талкуулады. Ошондой эле, бекетти үзгүлтүксүз, күнү-түнү иштетүү жагы каралды. Мындан сырткары “айдоочу” визасын алуудагы көйгөйлөр айтылды. Буга байланыштуу эки тарап тең “айдоочу” визаларды берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү актуалдуу маселеге айланышы зарылдыгына токтолду. Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрүн Кытайга чыгарууда логистиканын жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште кыргыз бажычыларынын айынан Ош облусундагы Эркечтам бекетинде кытай тарапта жүздөгөн кыргызстандык айдоочу узун кезекте турганынан улам маселе көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаcбек Абытовго кайрылып, бул маселе чукул чечилиши керектигин айткан.

Бажы кызматы бул дооматка комментарий берген эмес.

Буга чейин кыргыз-кытай чек арасында "Эркечтам” (Ош) жана "Торугарт" (Нарын) бекеттеринде жүк ташыган машиналардын узун кезеги тууралуу маалыматтар чыккан. Анда кээ күндөрү 300-400, айрым учурда 500-600 машине Кытай тарапка кире бериште тыгылып турганы айылган. Расмий органдар мунун себебин коңшу өлкөгө кирип-чыгып жаткан транспорттордун саны кескин өскөнү менен түшүндүргөн.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги ушул жылдын башынан тартып кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү кыйла жеңилдеткен.

XS
SM
MD
LG