Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Улуттук банк алардын атын колдонгон шылуундардан сак болууга чакырды


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк соңку кездерди алардын жана башка финансы мекемелеринин атын колдонгон шылуундар көбөйгөнүн эскертти. Анда социалдык тармактарда, мессенжерлерде жана башка интернет ресурстарында банктын атынан акчалай жардам берилери, көп киреше таап, дароо байып кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жалган маалыматтар байма-бай тарап жатканы айтылат.

“Шылуундар элдин көңүлүн буруп, өздөрүнө кызыктыруу үчүн Улуттук банкка таандык белгилерди жана белгилүү адамдардын сүрөттөрүн колдонуп жатат. Банк жарандарды сак болууга, күмөндүү иштерге акча салбоого чакырат”, - деп жазылган маалыматта.

Мындан улам жарандарга расмий гана сайттарды колдонуу, такталбаган, күмөндүү шилтемелерди баспоо, жеке маалыматты, анын ичинде картанын номерин эч ким менен бөлүшпөө, телефону же банк картасы уурдалган, жоголгон шартта, дароо банкка кабарлоо өңдүү кеңештер берилген.

Аталган банк буга чейин дагы шылуундар көбөйгөнү тууралуу эскертүү берген.

XS
SM
MD
LG