Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Жыл башынан бери оюн-зоок ишкердигине беш лицензия берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда оюн-зоок ишкердигин жүргүзүүгө 5 лицензия берилди. Алардын бирөө кумаркана, калган төртөө букмекердик кантора иштетүүгө уруксат алышкан. Андан бюджетке 126 млн. сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген "Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга президент Садыр Жапаров былтыр 30-июнда кол койгон.

Кийин Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн дээрлик эки эсеге азайтууну сунуштаган. Министр Данияр Амангелдиев анын себебин түшүндүрүп, кумаркана ачууга кызыкдар ишкерлер азыраак болуп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат. Документти кабыл алууга каршы болгондор жер-жерлерде акцияга чогулуп, бийликке кайрылуу жолдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG