Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Улуттук банк валюта базарына 62 миллион доллар сатты


Улуттук банк 24-майда валюта базарына 62 миллион доллар сатты. Бул май айындагы алгачкы жүргүзүлгөн интервенция. Буга чейин башкы банк 14-апрелде 46,1 миллион доллар интервенция жүргүзгөн.

Ушуну менен быйылкы жыл башынан бери акча базарына сегиз жолу АКШ доллары чыгарылып, жалпы суммасы 502 млн. 540 миң сомду түздү.

2022-жылы Улуттук банк он беш жолу интервенция жүргүзүлүп, 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин, анын 40% накталай экенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG