Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Депутат Өмүрзаков Баткенди калыбына келтирүү ишине катышкандар акчасын ала албай жатканын айтты


Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын ордуна курулган үйлөр. Баткен, 2022-жыл, декабрь. Сүрөт президенттик администрацияныкы.
Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын ордуна курулган үйлөр. Баткен, 2022-жыл, декабрь. Сүрөт президенттик администрацияныкы.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө катышкан ишкерлер акчасын ала албай жатканын айтты.

Эл өкүлү 30дан ашуун ишкердин кайрылуусу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитетке келип түшкөнүн парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди.

"Төраганын атына жана биздин комитетке Баткен окуясында зыян тарткан үйлөрдү калыбына келтирип жаткан ишкерлерден арыз түштү. "Аманат строй" деген фирма бар экен. Ага мамлекеттен абдан көп акча бөлүнүптүр. Ал тарыхы жок, аты жок фирмаларга которуп бериптир да, акчанын бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок экен. Бул маселе боюнча биз буга чейин вице-премьер министр Бакыт Төрөбаевге дагы айтканбыз. Балким бул чагым, карап койгула дегенбиз. Эми расмий түрдө кайрылуу түштү. 30дан ашуун ишкер кайрылып, 20 млн. сомго жакын акчабызды бербей жатат дейт. Айлык, ал үйлөрдү курганга курулуш материалдарын алганбыз, аларды төлөп берген жок деп жатышат", - деди Өмүрзаков.

Эл өкүлү бул маселе комитетте каралып, тийиштүү органдарга өткөрүлүп бериле турганын кошумчалады. Ал ошого чейин убакытты өткөрбөй, "Аманат строй инвесттин" аркасында ким турарын аныктап, кечиктирбей чара көрүүнү тапшыруу зарыл экенин айтты.

Ушул жылдын башында "Спутник" маалымат агенттиги Баткенде куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салып жаткан "Аманат Строй Инвест" компаниясына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тиешеси тууралуу иликтөө жарыялаган. Туманбаев ал маалыматты четке каккан.

Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, ден соолукту чыңдоо, эс алуу жана медициналык жактан камсыз кылат. Соңку конституциялык өзгөрүүдөн кийин иш башкармалыктын укуктары да кеңейтилген.

Азыркы жободо иш башкармалык "турак жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объектилерди, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы административдик имараттарды, жайларды долбоорлоону жана курууну уюштурат" деп дагы жазылган.

Баткенди калыбына келтирүү иштерине байланыштуу маселе буга чейин парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG