Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Кыргызстандагы үч университетте медициналык факультет ачылат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Нарын, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында билдирди.

"Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт экен. Бишкекке келип окуган дарыгер кайра айылына барбайт экен. Эки айдын ичинде бардык шартын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап, 1-сентябрга карата 200-300 студентке чейин кабыл алыш керек. Ошолор эле окуу жайдын бюджетин 30-60 миллион сомго көбөйтө алат", - деди министр.

Мунун алдында депутат Жанарбек Акаев билим туризмине көңүл бурууга чакырган. Ал башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга келип билим алууга шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.

"Күч органдары тарабынан ар кандай тоскоолдуктар бар. Билим туризми деген түшүнүктү киргизсек. Келген ар бир студент тамак-аштан баштап, такси жана башка тармакка акчасын таштап кетип жатышат. Дагы мүмкүнчүлүктөр бар. ушул студенттерди өзүнө буруп кеткенге кошуна өлкөлөр дагы аракет кылышы мүмкүн. Баткен, Нарынга барып окушсун, чет элдик студенттерге мүмкүнчүлүктү ачып берели. Улам текшерүү, тоскоолдуктарды жоюш керек", - деди эл өкүлү.

Министр Иманалиев мындай текшерүүлөрдүн айынан чет элден келген студенттердин саны азайып жатканын айтты.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандан келген студенттер (51 605) көп окуйт.

Казакстандан 1985, Орусиядан 1672, Тажикстандан 1595 студент келип билим алууда.

КМШ мамлекеттеринен сырткары Индиядан келген 14 миңден ашык студент бар. Андан кийинки орунда Пакистан (7498), Ооганстан (274) турат.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 232 миң студент окуп жатат. Анын 82 миңи чет элдиктер. (КЕ)

XS
SM
MD
LG