Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

Орусия F-16ны Украинага берүү НАТОнун ролу боюнча суроо жаратарын билдирди


F-16 истребители.
F-16 истребители.

F-16 учактарынын Украинага берилиши НАТОнун жаңжалдагы ролу тууралуу суроону жаратат. Бул тууралуу 22-майда орусиялык жогорку дипломат билдирди. АКШ президенти Жо Байден 19-майда украиналык учкучтарды F-16 согуштук учактарын башкарууга окутууну колдогон.

"G7 тобунун жыйынынан кийин президент Владимир Зеленский жана анын администрация өкүлдөрү менен жеке жолугушуумда Америка Кошмо Штаттары жана өнөктөштөр украиналык учкучтарды төртүнчү муундагы истребителдерди, анын ичинде F-16 учактарын башкарууну үйрөтөбүз деп айттым. Украинанын аба күчтөрүн бекемдөө, коргонуу жөндөмүн жогорулатуу узак мөөнөттүү милдеттенмебиз".

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов 22-майда элчиликтин Телеграм-каналына:

"Украинада F-16ны эксплуатациялоо үчүн инфраструктура жок, керектүү сандагы учкучтар жана техникалык тейлөөчү персонал да жок. Америкалык истребителдер НАТОнун чет элдик "ыктыярчылар" көзөмөлдөгөн аэродромдорунан көтөрүлсө эмне болот?" – деп жазды.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков америкалык учактарды Украинага өткөрүп берүүнү “маанисиз келесоолук” деп сыпаттады.

РИА Новости агенттиги дипломатка шилтеме берип жазгандай, ал Орусиянын “атайын операциясынын бардык максаттары сөзсүз ишке ашарын" билдирди.

Буга чейин Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасына украиналык учкучтар заманбап аскер учагы менен машыгууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазган.

Майдын ортосунда Британия украиналык учкучтарга F-16 учактарын башкарууну үйрөтөрү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG