Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Аба ырайы: өткүн өтөт, тоолордо кар жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 13…15°, күндүз 19…21° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG