Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Молдовада ЕБ интеграцияны колдогон он миңдеген киши митингге чыкты


Кишиневодогу митинг. Молдова, 21-май, 2023-жыл
Кишиневодогу митинг. Молдова, 21-май, 2023-жыл

Кишиневдо жекшембиде он миңдеген киши Еврошаркет менен интеграцияны колдоп, митингге чыкты. Полициянын эсебинде акцияга 75 миңдей киши катышты.

«Азаттыктын» молдаван кызматы кабарлаганай, президент Майя Санду демилге көтөрүп, өкмөт уюштурган митингди оппозиция бойкоттоду. Ал эми айрым европачыл партиялар президенттин «Аракет жана тилектештик» партиясы шайлоо алдындагы үгүт ишин баштады деп сындашууда.

Президенттин айтымында, акция молдавандардын евроинтеграцияга дилгирлигин көргөзүүнү максат кылат. Санду Украинадагы согушту кеп кылып, Киевге колдоосун кайталады.

Иш-чарага Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола катышты. 1-июнда Молдованын башкалаасында Европанын саясий жамаатынын саммити өтмөкчү. Санду ошондо өлкөнүн Еврошаркетке мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүү маселесин козгойт.

Былтыр күзүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен түзүлгөн Европанын саясий жамааты деген формат 44 өлкөнү бириктирет жана Евробиримдик менен ага кирбеген мамлекеттер ортосунда кызматташууну жакшыртууну максат кылат.

Молдова Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй Еврошаркетке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырылган.

XS
SM
MD
LG