Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Резников: Украин учкучтары F-16 менен машыгууну күтүп жатышат


Алексей Резников
Алексей Резников

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасына украиналык учкучтар заманбап аскер учагы менен машыгууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын жазды.

"Эми алар бул согушта жеңишке жетиш үчүн кургактагы жана деңиздеги куралчан бир туугандарына колдоо көрсөтө алышат. F-16 жамандарды жеңүү үчүн жасалган," -деп жазды Резников.

Маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШ президенти Жо Байден Жапониядагы "Чоң жети" саммитинде украин учкучтарынын заманбап аскердик учактар менен машыгуусун колдой турганын айткан. Байдендин билдирүүсүн Британиянын премьер-министри Риши Сунак кубаттады.
The New York Times басылмасы украиналык аткаминерге шилтеме кылып, бир катар Батыш өлкөлөрү Киевге F-16 учагын берүүгө даяр экенин жазды.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Лондонго сапары учурунда британ өкмөтү украиналык учкучтарды үйрөтө баштай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG