Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Мыйзамсыз паспорт берген кызматкерлерге иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош жана Жалал-Абад облустарында паспорт жана күбөлүктөрдү мыйзамсыз жазып берип жүргөн кызматкерлер аныкталганын бүгүн 19-майда Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган облустарда атайын комиссия иштеп, Калкты каттоого алуу департаменттериндеги коррупциялык элементтер боюнча 27 фактыны аныктап, тийиштүү материалдарды укук тартибин коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Алардын ичинен тогуз факт улуттук паспортторду мыйзамсыз берүү, 15 факт туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөдү жана улуттук паспортторду берүүгө негиз болгон документтерди жасалмалоо, эки факт пара алуу жана бирөө кызматтык жасалмачылык боюнча экени маалымдалды.

Мекеме бир катар кызматкерлерге карата кылмыш иши козголгонун, бул тармактагы жемкорлукту аныктоо иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жардамы менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Документ жасалмалоо маселеси кечээ парламентте да көтөрүлгөн. Кыргыз паспорту Интернеттеги сайттар аркылуу ачык эле сатылып жатканын депутат Гуля Кожокулова айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG