Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Иманкулов Дмитриевка айылындагы окуя боюнча комментарий берди


Марат ИМанкулов.
Марат ИМанкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берип абал туруктуу экенин айтты. Ал Кыргызстанда ар кандай уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирип, укук коргоо органдары алар менен күрөшүп жатанын кошумчалады.

“Ички иштер министрлиги менен атайын кызмат өздөрүнүн ишин кылып атат. Жалпы өлкөдө абал тынч”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорго шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүштү. Кармоо учурунда шектүү куралдуу каршылык көрсөткөн.

Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылында атышуудан эки укук коргоо кызматкери жараат алганын кабарлады. Биринин жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жеткирилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG