Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын 84% саналып бүттү. Анын алдын-ала жыйынтыгы боюнча азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 50,2% колдоосуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 44% топтоду.
Түркиядагы эң ири үч шаар-Стамбул, Анкара жана Измирдеги добуштар шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп жибериши ыктымал. Анткени ал жактарда азырынча добуштардын жарымы гана саналып бүттү.
Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50% көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.
Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.
Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды.
Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында добуш берди. Оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу, АТА альянсынан Синан Оган жана "Мамлекет" партиясынын лидери Мухаррем Инже Анкара шаарындагы шайлоо тилкелеринде добуш беришти.
Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал зилзала аймагындагы шайлоочулардын добуштары өтө маанилүү экенин белгиледи.
Оппозициячыл лидер Кылычдароглу да Анкарада журналисттерге жолукту, ал "Баарыбыз демократияны абдан сагындык" деп айтты.
Түркиядагы шайлоого байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү 21 жылдан бери бийликте турган Режеп Тайып Эрдоганга бурулуп турган кези. Сурамжылоолор ал утулуп калышы мүмкүн экенин көргөзүүдө.
Эрдоганды эмне күтүп турат?
AFP агенттиги 85 миллион калкы бар Түркия акыркы жүз жылда карама-каршылыктуу учурду баштан кечирип жатканын жазды. 69 жаштагы Эрдоган 20 жылдан ашуун башкарган убакытта өлкө аскердик жана геосаясий салмакка ээ болуп, Сирия жана Украинада чечүүчү ролду ойноого жетишти.
НАТОнун мүчөсү катары Түркиядагы шайлоонун жыйынтыгы Вашингтон менен Брюсселге да, Дамаск менен Москвага да маанилүү.
Эрдоган бийликке келген алгачкы он жылдыкта Түркия экономикалык секирик жасаган жана өлкөнүн Европа менен алакасы жылыган. Бирок Эрдогандын башкаруусундагы экинчи он жылдыкты социалдык жана саясий чыңалуу коштоду. 2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийинки тазалоолор Эрдоган Батышка ыңгайсыз өнөктөш экенин көрсөттү.
Кемал Кылычдароглунун жана анын алты партиялык альянсынын пайда болушу чет элдик өнөктөштөргө жана түрк шайлоочуларына так альтернатива бериши мүмкүн. Сурамжылоолор 74 жаштагы светтик оппозициянын лидери 50 пайыздык барьерден өтүп, биринчи турда жеңишке жетиши мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
28-майга белгиленген шайлоонун экинчи туру Эрдоганга жыйналууга жана дебаттарга даярданууга мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Бирок дебатта Эрдоганга ал бийликте турганда Түркия эң оор экономикалык кризисти баштан кечиргени жана февралда 50 миңдей өмүрдү алып кеткен зилзала болгонуна байланыштуу сындар айтылышы мүмкүн.
“Анын келечегин көрбөй турам”, - дейт 18 жаштагы Кыванч Дал аттуу шайлоочу. Ал экономикалык көйгөйлөрдөн улам Кылычдароглуну колдоого аргасыз болгонун белгилеген.
Бала бакчанын тарбиячысы Дениз Айдемир AFP агенттигине Түркия акыркы он жылдыкта социалдык-экономикалык жактан өнүгүп, алты партиялык коалиция өлкөнү ийгиликтүү башкарат деген идеяны четке какканы үчүн Эрдоганга добуш берерин билдирген.
Оппозиция Эрдоган бийликти кандай болбосун кармап каларын айтууда. Муну алар Стамбулдун оппозициялык көз караштагы мэри жана Эрдогандын башкы сынчысы Экрем Имамоглуну Түркиянын консервативдүү борборуна барганда таш жана бөтөлкө менен урушканын мисал келтиришет.
Түндүк Кипрдеги Жакынкы Чыгыш университетинин политология кафедрасынын доценти Асел Тутумлу шайлоодон кийин эки тарапты колдогондор ортосунда ажырым болушу ыктымал деген пикирде.
"Ажырым азыртадан эле бар. Саясатташтыруу катуу жүрүп жатат. Жаштар келечегинен кооптонуп турат: батир кымбаттап, ижара акысы көтөрүлүп, билим алуу, турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнөн көбү кур калууда. Алардын өзү жана үй-бүлөсүнүн чоң карыздары бар. Эрдогандын режими алар үчүн оор болорун сезип турушат. Ошол эле маалда Эрдоганды колдогон, ар бир сөзүнө ишенген жаштар да жетиштүү. Аны идеологиялык жактан ушунча колдогону үчүн жаштар кумири жаңылып жатканды моюнга алгылары келбейт, бул алар үчүн оор".
Ал чоң шаарларда тараптардын жактоочулары ортосунда кагылышуу да болушу ыктымал деген ойдо.
"Оппозиция ошон үчүн тарапташтарын үйдө отурууга чакырды. Бирок баары Эрдоганга жараша болот. Ал шайлоо жыйынтыгын тааныйбы же жокпу, тааныса кандай шарттарда деген суроо турат. Шайлоо жыйынтыгын жарыялаганда ошого жараша реакция болот. Баардыгы оппозициянын тарапташтарынын да, Эрдогандын тарапташтарынын да кандай кадамга барарын күтүп жатышат", - деди Тутумлу.
Түркияда бул шайлоодо добуш берүүгө 64 миллион эл келип, эң жогорку көрсөткүчтү түзөрү күтүлүүдө. Түркиянын эли президенттен тышкары парламенттин 600 депутатын шайлашы керек. Шайлоого 24 партия катышууда.
Акыркы 86% эл катышкан жалпы улуттук шайлоодо Эрдоган 52,5% добуш алган. Түркияда бюллетендер тез саналат. Анкарадагы шайлоо участоктору саат 17:00до жабылат жана акыркы жыйынтыктар кээде эрте жарыяланган учурлар болгон.
Эрдоган эгер ушул жолу атаандаштарына утула турган болсо, шайлоо жыйынтыгын талашпай турганын билдирген.
Шайлоо жыйынтыгы Борбор Азияга кандай таасир этет?
Түндүк Кипрдеги Жакынкы Чыгыш университетинин политология кафедрасынын доценти Асел Тутумлу эгер Кылычдароглу жеңе турган болсо, Борбор Азиядагы Эрдогандын пантүркизм идеясы элге багытталышы мүмкүн деген пикирде.
"Бүгүнкү күндө биз панисламизм жана пантүркизм идеясы элди эмес, режимдерди колдоп жатканын көрүп турабыз. Эгер бийликке Кылычдароглу келсе, фокус режимдерге эмес, элге багытталат. Биз көбүрөөк мектептерди, ооруканаларды, маданий маанайдагы демилгелерди, мектеп жана университеттеги алмашуу программаларын көрө баштайбыз. Фокус элге оогондо мамлекеттик аппараттар азыраак аралаша баштайт. Бирок Кылычдароглу башында эле неооттомандык идеяга көңүл буруп, Батышка, Европа Биримдигине ыктап, Эрдоганга өзүн бийик сезүүгө жардам берген айрым долбоорлордон кетүү керектигин жарыялаган".
Асел Тутумлу оппозиция жеңсе, Түркия Борбор Азияга экономикалык долбоорлорго басым кылышы мүмкүн экенин белгилеген.
"Түркия өз аймагы аркылуу Борбор Азиядан Европага энероресурстарды көбүрөөк өткөрүүгө аракет кылат. Бирок борбор азиялык режимдер буга кызыкдарбы деген суроо туулат, анткени алардын Орусия жана Кытай менен кызматташтык деген кызыкчылыгы, Кытайга эноргоресурсту жетиштүү өлчөмдө экспорттоо сыяктуу милдеттемелери бар. Бул режимдер Кытай жана Орусиядан жүккө байланыштуу көз карандылыктан кутула алабы, ошону караш керек. Казакстан үчүн бул Түркмөнстанга караганда маанилүү. Бирок бул планда чоң өзгөрүү болорун көрбөй турам".
Түркияда президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда.
Шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын, шайлоонун жыйынтыгында анын аты да эсептелерин айткан. Төртүнчү талапкер теги азербайжандык, АТА альянсынан Синан Оган.
Түркиядагы эң ири интернет басылмалардын бири Hurriyet (башында оппозициялык гезит деп эсептелчү, акыркы жылдары АК партиянын тарапкерлеринин көзөмөлүнө өткөн) маалыматында, 2-майга карата сурамжылоодо талапкерлердин бири дагы жеңиш үчүн зарыл болгон 50% ашык добуш албаганы көрсөтүлөт. Албетте, бул сурамжылоодо Эрдогандын мүмкүнчүлүгү кыйла жогору – 48,6%. Оппозициянын негизги талапкери, Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери Кемал Кылычдароглу - 44,1%, ал эми Мухаррем Инже (Мамлекет" партиясынын лидери) - 4,3%, төртүнчү талапкер Синан Оган 3% ээ болгон.
Көз карандысыз SER-AR (саясий изилдөөлөргө басым жасаган компания) 3-майда жүргүзгөн башка сурамжылоолор оппозиция популярдуу экенин көрсөттү: Кылычдароглу - 52,7%, Эрдоган - 44,3%, Инже - 1,4%, Оган - 1,6%.
MAK Danışmanlık аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси Мехмет Али Кулат соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 50,9% Кылычдароглуна, ал эми 45,4% шайлоочу Эрдоганга добуш берүүгө камынып турганын Твиттерге жазды.
9-майга чейин чет өлкөдө ачылган 73 шайлоо тилкесинде 1,7 миллион түркиялык добуш берген. Кыргызстанда жашаган түркиялыктар 5-6-7-май күндөрү шайлоого добуш берди. "ТРТ Аваз" телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган.