Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Орус авиациясы Украина менен чектеш аймакта жоготууга учураганы кабарланды


Орусия ишемби күнү болжол менен эки аскерий тик учагын жана эки учагынан айрылышы ыктымал.

ЖМК жана Телеграм-каналдардагы маалыматтарга караганда, алар ишемби күнү эртең менен Брянск облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бардыгы бир авиатопто болгон.

Ишемби күнү кечинде бийлик Клинцы шаарында бир Ми-8 тик учагы жоголгонун тастыктаган. Учкучтар каза болгону кабарланууда.

“База” басылмасы экипаждын баарын кошкондо жалпысынан тогуз учкуч каза тапканын жазды. ТАСС Су-34 учагы менен тик учагы жок кылынганын билдирди. Учкучтардын өлгөнү тууралуу кабарды бир катар орусиялык Телеграм-каналдар, маалымат каражаттары кабарлаганын “Коммерсантъ” басылмасы жазды.

Украина тарап окуя боюнча расмий комментарий бере элек. Брянск облусу Украина менен чектеш, бирок орусиялык учактардын кыйроолору чек арадан бир канча аралыкта катталган.

Алгач Клинцы шаарында тик учак кыйраганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Украина менен чек арадан 50 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан. Окуяга күбө болгондор Ми-8дин кулашы боюнча бир нече видеону жарыялашты. Маалыматтарга караганда, ал абада күйүп кетип, кулай баштаган. Шаардык мэриянын башчысы Сергей Евтеев жерде кыйроо жок экенин тактады.

ТАСС өзгөчө кызматтагы булактарына таянып тик учактын күйүшүнө кыймылдаткычтын күйүп кетиши себеп болгонун жазды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG