Кечки радио эфир | 11.05.2023 | Конституцияны өзгөртүү маселеси көтөрүлдү
Украина орус армиясы Бахмуттун айрым бөлүктөрүнөн чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди. Орус түрмөсүндө жаткан жеринен "Вагнер" аркылуу Украинага барган дагы бир кыргызстандык каза тапты. Кыргызстанда Конституция зарылчылык болсо дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин парламент жетекчиси билдирди.