Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

FT: ЕБден Кыргызстанга жиберилген айрым товарлар Орусияда жоголуп кеткен


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" бекети. 22-март, 2022-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" бекети. 22-март, 2022-жыл.

2022-жылы Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттерден Армения, Казакстан жана Кыргызстанга жөнөтүлгөн, жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан товарлар "Орусиядан транзит аркылуу өтүп жатканда жоголуп кеткен". Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, Орусия Украинага согуш ачканы Евробиримдиктен Орусияга транзит деген шылтоо менен эки миллиард долларлык товар кирген. Алардын арасында санкцияга кирген буюм-тайымдар, анын ичинде аскердик өндүрүштө колдонула турган учактардын компоненттери, оптикалык буюм-тайымдар, газ түтүктөрү бар. Бул товарлардын айрымдары андан ары Армения, Казакстан жана Кыргызстандагы компанияларга жөнөтүлмөк.

"Эмнеге бул мамлекеттерге дал ушул маалда бул товарлар керек болуп калды? Аймакта бул товарлар азыр кимге керек? Албетте, Орусияга", - деп билдирген аталган басылмага Эстониянын санкциялар боюнча министри Эрки Кодар.

Ошол эле маалда Орусия менен чектешкен, санкцияларды колдобогон мамлекеттерде дагы айрым товарлардын импорту кескин жогорулаган. Бул товарлар андан ары Орусияга жөнөтүлөрү кабарланган.

Евробиримдик Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө каршы күрөшөрүн билдирип келет.

Учурда шаркеттин лидерлери Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасын талкуулап жатышат. Бул жолу Москвага санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн үчүнчү мамлекеттерге да чаралар көрүлүшү мүмкүн. Ага Борбор Азиядагы айрым мамлекеттер дагы кириши ыктымал экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG