11-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Түнкүсүн 13…15°, күндүз 29…31° ысык болот.
Дагы караңыз