Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Акыйкатчы институту мекемедеги бош орундар тууралуу маалымат берди


Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды кабыл алууда. Раззаков шаары, Баткен. 2023-жыл.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды кабыл алууда. Раззаков шаары, Баткен. 2023-жыл.

Акыйкатчы институтунда учурда бош турган орундар Париж принциптери боюнча эл аралык нормаларга ылайык майыптыгы барлар жана этникалык азчылык өкүлдөрүнө эсептелген. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы 2-майда кабарлады. Маалыматка ылайык, мындан тышкары дагы 10 бош орун Акыйкатчы институнун аймактардагы өкүлчүлүктөрү үчүн сакталып турат.

Мекеме ошондой эле омбудсмен Атыр Абдрахматова 2022-жылы 1056 жаранды жеке өзү, ал эми орун басары Альберт Колопов 531 жаранды кабыл алганын билдирди. Жеке кабыл алуулар жума сайын борбордук кеңседе, аймактарды жана жабык мекемелерди кыдыруу убагында жүргүзүлгөн.

"Былтыр Акыйкатчынын атына жарандардан жазуу жүзүндө 3690 арыз, анын ичинен 2090у (56,6%) Борбордук аппаратка, калганы аймактык өкүлчүлүктөргө келип түшкөн. Жеке 8273 жаран кайрылган. Мындан тышкары телефондон жана оозеки кеп-кеңештер берилген", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматта былтыр Абдрахматова алты мамлекетке жети жолу иш сапар менен барганы, Орусия, Өзбекстан, Түркия, Дания, Азербайжан, Польшадагы командировкаларына бюджеттен акча коротулбаганы жазылган.

"Бюджеттен болгону Ташкенттен Бишкекке чейинки билеттин баасы гана төлөндү, анткени учуу чукул түрдө болуп, мурдатан пландалган эмес. Бюджеттин эсебинен Ош, Кара-Суу, Ноокат шаарларына, Сузак айылына, Ысык-Көл облусуна иш сапарга барды. Эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен Баткен, Ош облустарына жумушчу сапарлар ишке ашырылды".

Акыйкатчы институтунун мурдагы кызматкерлери Бишкекте 2-майда маалымат жыйын куруп, Акыйкатчынынын ишин сындап, нааразылык билдиришкен. Алар Абдрахматова жетекчи болуп келгенден кийин институтта иштеген төрт адам кызматынан бошотулуп, көпчүлүгү ишинен баш тартууга мажбур болушканын айтышты.

Ага чейин Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу сунушун Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы берген. Тармактык комитет аны колдогон.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, акыйкатчынын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүн сындаган.

Алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдирген. Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышкан. Эл аралык Human Right Watch уюму да Жогорку Кеңешке кайрылып, Атыр Абдрахматованы кызматтан кетирбөөгө чакырган. Уюмдун маалыматында Абдрахматовага басым анын Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын укугу тууралуу айтканы менен байланыштуу болушу ыктымалдыгы жазылган.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG