Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

Литвада десоветизация жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди


Вильнюс шаарында СССР маалында курулган Кызыл Армиянын жоокерлеринин эстелигин бузуу учуру.
Вильнюс шаарында СССР маалында курулган Кызыл Армиянын жоокерлеринин эстелигин бузуу учуру.

Литвада коомдук мейкиндиктерди десоветизациялоо жөнүндө мыйзам 1-майда күчүнө кирди.

Документке ылайык, авторитардык жана тоталитардык режимдерди, алардын идеологиясын үгүттөгөн эстеликтер алынып, мемориалдык объектилердин жана көчөлөрдүн аталыштары жоюлат.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, объектилерди пропаганда катары таанууну Литвадагы геноцид жана каршылык көрсөтүүнү изилдөө борбору менен муниципалдык мекемелер ишке ашырат. Парламент бул маселенин үстүнөн иштей турган мекемелер аралык комиссия да түзөт.

Депутат Пауле Кузьмицкене мыйзамдын аткарылышы үчүн коомдук талкуу маанилүү экенин айтты.

Прибалтика өлкөлөрү совет доорун айыптаган ырааттуу саясатты жүргүзөт. Литва, Латвия жана Эстония СССРдин курамында болгон мезгилди оккупация катары карайт. Совет доорундагы көптөгөн эстеликтер акыркы жылдары бузулуп же башка жакка көчүрулдү.

XS
SM
MD
LG