Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Вашингтондо Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрү өтүп жатат


Арарат Мирзоян, Энтони Блинкен жана Жейхун Байрамов. 1-май, 2023-жыл. Вашингон.
Арарат Мирзоян, Энтони Блинкен жана Жейхун Байрамов. 1-май, 2023-жыл. Вашингон.

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо жолукту. Бул сүйлөшүү Лачин коридоруна Баку орноткон көзөмөл-өткөрүү пунктуна байланыштуу чыңалууну токтотуу аракетин көздөйт.

Сүйлөшүүлөр бир канча күнгө созуларын "Азаттыктын" армян кызматы жазды. 1-майда жыйын башталар алдында мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен өзүнчө сүйлөштү.

Мурдараак Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефондо сүйлөшкөндө Лачин коридоруна байланыштуу жагдайга тынчсыздануу билдирген. Вашингтон Лачин коридорундагы көзөмөл бекети Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык жараянына залакасын тийгизет деп эсептейт.

Азербайжан Тоолуу Карабак жана Армения менен байланыштырган Лачин коридоруна апрелде көзөмөл бекет орноткон. Баку Ереванды Тоолуу Карабакка аскерлерди, курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз ташып жатат деп айыптап келет.

Тоолуу Карабакта негизинен этникалык армяндар жашайт. Ал жерди эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныйт. Азербайжан Орусиянын ортомчулугу менен 2020-жылы алты жумага созулган согушту токтоткон ок атышпоо келишиминин алкагында жолду ачык кармоого милдеттеме алган.

XS
SM
MD
LG