Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

АКШ Орусия менен Ирандын атайын кызматтарына санкция салды


Орусия ФСБсынын Москвадагы кеңсеси.
Орусия ФСБсынын Москвадагы кеңсеси.

АКШ Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) жана Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматына каршы санкцияларды киргизди. Бул чара АКШ жарандарын мыйзамсыз кармоого байланыштуу кабыл алынды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин чечими менен салынган санкциянын тизмеси АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Быйыл мартта The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичти Орусиянын ФСБсы Екатеринбург шаарында кармаган. Москвадагы тергөө абагында жаткан журналист тыңчылыкка айыпталууда. Өзү жана аталган басылма муну куру доомат дейт.

Орус бийликтери журналист "далилдер" менен кармалганын айтып, иштин чоо-жайын ачыктаган жок. Федералдык коопсуздук кызматы Гершкович Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу жашыруун маалыматтарды чогулткан деп билдирди. Вашингтон анын мыйзамсыз кармалганын белгилейт.

Гершкович 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Көптөгөн эксперттер аны Батыш өлкөлөрүндө тыңчы деп кармалган орусиялык жарандардын бирине алмаштыруу максатында камакка алынган деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG