Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Кемпир-Абадды коргоо комитети "Азаттыкка" чыккан соттун чечимин айыптады


Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү соттун “Азаттык” медиа мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча чечимин айыптаган билдирүү таратышты. 28-апрелде чыккан билдирүүдө “Азаттык” радиосу дүйнө жүзүнө 70 жылдан бери так маалыматты таратып келатканы, советтик тоталитардык системанын жана андан кийинки авторитардык режимдин учурунда да медиа өзүнун миссиясынан баш тартпаганы айтылган.

“Азыркы өкмөттүн эркиндикке басым кылганы - элдин маалымат алууга болгон укугуна, эркин массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгына жана демократиялык келечекке чоң сокку. Бул авторитардык бийликти күчтөндүрүү, коррупцияны калкалоо жана эффективдүү эмес башкаруу”, - деп айтылат кайрылууда.

Комитеттин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровду буга чейинки президенттердин катасын кайталабоого чакырышкан.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу соттун “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу “чектен чыккан” чечимине каршы даттанарын бул эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдар - Журналисттерди коргоо комитети, Amnesty International (AI) уюму райондук соттун "Азаттыкка" байланыштуу соттук чечими боюнча өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, сөз эркиндигин коргоого үндөшкөн.

“Азаттыктын” адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданганы жатат.

Министрликтин “Азаттык Медиага” каршы жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат.

Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG