Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Улуттук банк банкноттордун жаңы үлгүлөрүн жарыялады


Улуттук банк жарыялаган банкноттордун жаңы үлгүлөрү.
Улуттук банк жарыялаган банкноттордун жаңы үлгүлөрү.

Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сомдук улуттук валютанын жаңы үлгүлөрүн чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган банкноттордун жаңы үлгүлөрүндө биринчи чыккан акча бирдигиндеги элементтер жана заманбап коргоо белгилери камтылган.

“Акча бирдигинин мурдагы үлгүсүнө чагылдырылган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары жана искусство, маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү ошол бойдон калды. Көлөмү жана негизги түсү да өзгөргөн жок”, - деп айтылат башкы банктын жарыясында.

Кыргыз сому 1993-жылы 1, 10, 50 тыйын жана, 1,5, 10 сомдук банкнот катары чыккан. Кийин улам башка банкноттор кошулуп турган. Буга чейинки банкноттор 2010-жылы жаңыланган.

Учурда Кыргызстанда алты монета жана сегиз кагаз түрүндө чыгарылган банкноттор жүгүртүүдө жүрөт.

XS
SM
MD
LG