Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Кыргызстанда 30дай чакан ГЭС курулуп жатканы маалымдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда азыркы учурда 30га жакын чакан гидроэлектростанция курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн 25-апрелде Бишкекте «Ышка каршы күрөш: экология маселесин чечүүнүн практикалык жолдору» деген талкууда сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, мунун баары өнөр жай тармагында таза энергияны пайдаланууга шарт түзөт:

““Куланак” (100 мегаватт), “Бала-Саруу” ГЭСтери салынууда. “Орто-Токой” ГЭСибизди баштадык. Бюджеттин эсебинен. “Камбар-Ата-2нин” экинчи агрегатына тендер өттү 12-апрелде, буюрса быйыл аны да баштайбыз. “Токтогулда” экинчи агрегатынын модернизациясы жүрүп жатат, ноябрга чейин бүтүрөбүз. “Ат-Башы” ГЭСи модернизациядан өттү. “Лебединовкага” Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен чогуу киришип жатабыз. Кубаттуулукту көбөйтө баштадык. “Камбар-Ата-1ге” президентибиз старт берди, азыр долбоорлоо жана монтаждоо иши бүтүп калды, каржы булактарын тактап жатабыз”.

Соңку жылдары кышкысын Бишкектин үстүн боз түтүн, ыш каптаган күндөр көп боло баштады. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, жеке сектордогу мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.

Кышында ыштын деңгээли Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген чектен бир нече эсе жогору болуп жатканы аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG