Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Ибадылла Ажибаевдин тасмасы Германиядагы эл аралык фестивалда мыкты деп табылды


Ибадылла Ажибаев Зельбдеги фестивалда фильми тууралуу айтып берүүдө.
Ибадылла Ажибаев Зельбдеги фестивалда фильми тууралуу айтып берүүдө.

Кыргызстандык режиссер Ибадылла Ажибаевдин "Почтальон" тасмасы Германияда Grenzland-Filmtage эл аралык кинофестивалында "Мыкты даректүү фильм" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу фестивалдын сайтына жазылды, режиссер өзү да маалыматты "Азаттыкка" тастыктады.

Фестиваль 13-16-апрелде Зельб шаарында өттү. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан көркөм, даректүү, кыска метраждуу ондогон фильмдер сунушталат.

"Почтальон" тасмасында Баткен облусунун Лейлек районунда алыскы кыштактардын бириндеги почточунун эмгеги көрсөтүлгөн.

Дарыгер, психолог, режиссер, акын, сүрөтчү Ибадылла Ажибаев марттан бери Европадагы бир канча даректүү тасмалар фестивалына катышып жүрөт. Анын "Мугалим" фильми да буга чейин эл аралык сыйлыктарды уткан.

Ибадылла Ажибаев фестивалда жеңгенин тастыктаган статуэтка менен.
Ибадылла Ажибаев фестивалда жеңгенин тастыктаган статуэтка менен.

Grenzland-Filmtage эл аралык кинофестивалы 1977-жылдан бери уюштурулат.

XS
SM
MD
LG