Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Жаңы-Өзөндөгү жарылуунун курмандыктары төрт кишиге жетти


Жарылуу болгон жер.
Жарылуу болгон жер.

Казакстандын Жаңы-Өзөн калаасында газдын жарылуусунан өлгөндөрдүн саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу Маңгыстау облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жарылуу 17-апрелде таңга жуук эки кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болгон.

Акыркы такталган расмий маалыматка ылайык, 13 адам, анын ичинде сегиз бала жараат алды. Алардын баары уранды астынан куткарылган. Алты киши ооруканага жаткырылган.

Баштапкы божомолдорго караганда, газ баллону жарылган болушу ыктымал. Жеринде мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын, факты боюнча кылмыш иши козголду.

Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаев окуя болгон жерге барды. Урандыларды тазалоого, жабыркагандарга жардам берүүгө 150 полиция кызматкери, Улуттук гвардиянын 60 өкүлү катышууда.

XS
SM
MD
LG