Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Норвегия орус элчилигинин 15 кызматкерин персона нон-грата деп жарыялады


Орусиянын Норвегиядагы элчилиги.
Орусиянын Норвегиядагы элчилиги.

Норвегия Орусиянын Ослодогу элчилигинин 15 кызматкерин персона нон-грата деп жарыялады. Норвегиянын өкмөтү алар атайын кызматтын өкүлдөрү экенин, дипломатияга туура келбеген иштер менен алектенгенин билдирди.

Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хюитфелд аларды өлкөдөн чыгарууну “орусиялык чалгындоо ишмердүүлүгүнүн деңгээлин төмөндөтүү жана ага каршы туруудагы маанилүү кадам” деп атады. Билдирүүдө Москва Осло үчүн "тыңчылык коркунучтун негизги булагы" экени айтылат.

Москва буга комментарий бере элек. Адатта Орусия мындай учурларга жооп катары ошол өлкөнүн дипломаттарын өлкөдөн чыгарып жиберет.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден кийин Орусиянын Европадагы айрым элчиликтеринде чалгын кызматынын өкүлдөрү иштеп жүргөнү аныкталган жана өлкөлөрдөн чыгарылган.

XS
SM
MD
LG