Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Оңдоо иштеринен улам "Баткен" аба майданы убактылуу жабылды


"Баткен" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Баткен" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

"Баткен" аэропорту быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды.

Бул маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" ырастады. Анын маалымдашынча, "Баткен" аба майданындагы аэродромду оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. План боюнча оңдоо иштери айдын аягына чейин бүткөрүлөт.

"Баткен" аэропорту 1958-жылы курулган. 1984-жылга чейин Як-12, Ан-2, Ил-14 учактарын кабыл алып келген. 1984-жылы аэропорттун учуп-конуу тилкесине асфальт-бетон төшөлүп, Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-30 учактары учуп-коно баштаган.

Аэрпорттун аэровокзалы ички каттамдарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.

2014-жылы "Баткен" аэропортуна эл аралык макам берилген.

2017-жылы аэропорттун имараты жаңыланып, күтүү залы, эне-бала бөлмөсү курулуп, жүк лентасы орнотулган.

"Баткен" аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Былтыр сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал кезинде аткылоого кабылган.

Быйыл 7-февралдан тартып аптасына бир жолу Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы уча баштаган.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык, ал эми алтоо –"Жалал-Абад", "Исфана", "Караван", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аймактык макамга ээ.(BCh/ZKo)

XS
SM
MD
LG