Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Түгөлбай Сыдыкбековдун 15 томдугу чыкты


Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнагы. 2023-жылдын 12-апрели.
Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнагы. 2023-жылдын 12-апрели.

Бүгүн - 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугунун тушоо кесүүсү өттү.

Китеп президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чыккан. Чыгармалар топтомун Улуттук илимдер академиясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Китеп палатасы биригип даярдаган.

Жыйынга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, ошондой эле Роза Айтматова, Анатай Өмүрканов, Мелис Абакиров, Асан Жакшылыков, Эмил Каптагаев, Үмүт Култаева, Кулубек Бөкөнбаев, Ишенгүл Болжурова, Садык Алахан, Кыялбек Урманбетов, Нурлан Калыбеков сыяктуу бир катар акын, жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов совет бийлиги тушунда Түгөлбай Сыдыкбеков өз башын сайып кыргыз тили жана эли үчүн, улуттук нарк, дөөлөт үчүн күрөшкөнүн белгилеп, анын басып өткөн жолу жана даркан эмгеги муундарга сабак болуп каларын белгиледи. Медеткан Шеримкулов улуу жазуучу менен 1989-жылы жакындан таанышып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын алып берүүдө кеп-кеңешин угуп, пикир алмашканын айтты. Ошону менен бирге М.Шеримкулов Сыдыкбековго борбордон татыктуу бир көчөгө атын берүү керектигин, ал жашап-иштеп өткөн үйдү музейге айлантууну көтөрдү.

Окумуштуу Сыртбай Мусаев болсо Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин Бишкектин бир көрүнүктүү жерине коюу демилгеси 20 жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келатканына басым жасады. Эмил Каптагаев болсо бул 15 томдукту ар бир китепканага, ар бир айыл, мектепке жеткирүү зарылдыгын, ал үчүн кошумча нускада дагы чыгарууну сунуштады. Китепти басып чыгарууга салым кошкондорго өз ыраазычылык сөзүн жазуучунун баласы Сабыр Сыдыкбеков айтты. Жыйынды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев алып барды.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз жазма адабиятында алгачкы ирет роман жазган. Анын "Тоо арасында" ("Кең Суу") романы ошол убакта зор резонанс жараткан.

Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал өмүр бою Коммунисттик партияга да, кесиптик бирикмеге да мүчө болбой, кыргыз тарыхы жана тили үчүн талбай эмгектенген. Москвадагы жана жергиликтүү бийликти ачык сындаганы үчүн диссидент катары бааланган. "Манас" эпосун изилдөөгө, сактап калууга зор салым кошкон.

Мындай даркан эмгектери эгемендик алгандан кийин мамлекет тарабынан бааланып, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ага биринчи болуп берилген.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 85 жашында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.

2022-жылы жазуучунун 110 жылдыгы өлкөдө кеңири белгиленген. 15 томдук бул ирет миң нуска менен чыккан, баасы 7 миң сом. (КО)

XS
SM
MD
LG