Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Улуу Британия Усмановдун USM холдингине санкция салды


Улуу Британия Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларын кеңейтти. Анын алкагында орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун USM холдинги "кара тизмеге" кирди.

Лондон USM холдингинин ээси Усманов орус бийлигин колдойт же андан пайда көрөт деп эсептейт. Мындан тышкары, компания тоо-кен өнөр жайы жана санариптик технологиялар боюнча Орусия үчүн стратегиялык бизнес менен алектенери белгиленген.

Путинге жакын деп сыпатталган, теги өзбекстандык Алишер Усманов Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыштын санкциялык тизмесине илинген.

Ноябрда Өзбекстандын өкмөтү Евробиримдиктен ага салынган санкцияларды алып салууну суранганын Британияда чыккан Financial Times гезити жазган. Маалыматта санкциялар Усмановдун байлыгынын бир бөлүгүн Өзбекстанга инвестициялоо жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектегени белгиленген.

Ошондой эле инвестициялык "Система" компаниясынын негиздөөчүсү Владимир Евтушенковдун үч баласы, ишкер, Федерация кеңешинин мүчөсү Сулейман Керимовдун кызы Гүлнара Керимова санкцияга кабылды. Британ бийлигинин маалыматына ылайык, Керимова Украинадагы туруксуздукка тиешеси бар кайсы бир адамдын атынан же анын атынан иш алып барууда.

Британия буга чейин да Орусиялык ишканаларга жана жарандарга бир катар санкцияларды киргизген.

Мурдараак Канада да Орусияга каршы чектөөлөрдү узартканы белгилүү болгон. Санкцияга Орусиянын 14 жараны, 34 ишканасы, анын ичинде "Вагнер" жеке аскер компаниясы жана негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышкан уюмдар да киргизилген.

XS
SM
MD
LG