Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда экономика, банк, билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстанга көбүрөөк көлөмдө "түз колдоо" зарылдыгын айтып, бул өлкө экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын терс таасирин жоюуга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталарын жана аймактык деңгээлдеги экономикалык байланыштарга да түрткү болорун кошумчалады.
Мындан тышкары Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын тышкы карызын жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.
"Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деди ал.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргызстанда билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону көбөйтүүдө акыркы жылдары олуттуу жылыш бар экенин белгиледи.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилери күтүлүүдө.
Ушул тапта Вашингтон шаарында иш сапары менен жүргөн Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарына катышат, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен эки жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунушун президент Садыр Жапаров быйыл январдын башында Фейсбукка да жазган.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 578 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4,5 миллиарддан ашууну тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. (ZKo)