Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ырыс Жекшеналиевдин соту башталды


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту “бийликти басып алууга, жапырт башаламандыкка үндөгөн” деп шек саналып жаткан блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароону баштады.

3-апрелдеги соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот жараянынан кийин Ырыс Жекшеналиев президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасап, студент экенин, соттон акталып чыгып, окуусун улантуу ниети бар экенин жана бийликти басып алууга максаты болбогонун билдирген.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. (JzE/ZKo)

XS
SM
MD
LG