Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө орган түзүлүшү мүмкүн


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, тергөө боюнча өзүнчө орган түзүү боюнча сунуштар иштелип жатканын айтты.

“Башкы прокуратурадан тергөөнү алып, эки укук коргоо органына (ред: ИИМ, УКМК) бөлүп берүү же өзүнчө тергөө департамент түзүү боюнча сунуштар, иштер жүрүп жатат. Бул боюнча өлкө башчысы кандай чечим кабыл алса, ошого жараша аракет кылсак болот. Азырынча ачык жарыяланбагандыктан, эч нерсе айта албайм”, - деди Зулушев.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Учурда Кыргызстанда Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG