Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Ошто ишкер 600 гектар жерге мыйзамсыз ээлик кылган деген шек менен камалды


Ош шаардык прокуратурасы.
Ош шаардык прокуратурасы.

Ош шаардык прокуратурасы 600 гектар жердин менчикке чыгарылышына байланыштуу жеке ишкер Кубанычбек Нурановду өткөн айдын аягында камакка алганы белгилүү болду.

Бул туралуу Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдурашит Кубатидинов 11-апрелде “Азаттыка” билдирди.

Анын маалыматына караганда, шаардык прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 379- беренеси ("Документтерди жасалмалоо") жана 209-беренеси ("Алдамчылык") менен күнөө коюп, 29- мартта айыбы угузулган.

Ал жеке ишкер бир гана эпизод менен кармалганын, тергөөнүн жүрүшүндө башка жагдайлар дагы ачыкталышы күтүлүп жатканын кошумчалады. Маалыматка ылайык, тинтүү үчүрунда Нурановдун жанынан документтерге басылып жүргөн мөөр табылган.

600 гектар жер тууралуу ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) буга чейин териштирип, сотко жиберген. Бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган. Азыр жасалма документ жасоо беренеси менен кайрадан иш козголду.

Сөз болуп жаткан 600 гектар жер 2004-жылы Кара-Суу районунан Ош шаарына өткөрүлүп берилген. 2013-жылы башкы планы бекитилген. Ош шаарынын бийлиги ишкер мене 19 жылдан бери соттошуп келүүдө.

Нуранов талаштуу жерлер өзүнүн багбанчылык чарбасына караштуу экенин, ал жерди сатууга укуктуу экенин айтып келген. Анын адвокаты жана жакындары акыры козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG