Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

№26 Ленин шайлоо аймагынан дагы бир талапкер катталды


Бишкек шаарындагы шайлоо округдары.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдары.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан дагы бир талапкер катталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 13-талапкер Ажыбек Касмалиев Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, кайрылды.

Буга чейин аталган шайлоо аймагынан 12 талапкер ат салышууга арыз берген. Алардын арасында жалгыз аял талапкер бар. Арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт, кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт.

Боршайком 27-мартта "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Чырда токмок жеген 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG